Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Айгүл Чалова "Сүйүү арманы"

Алдырба, алдырба, ай,
Өзүңдү кусалыкка.
Эстей жүр, бирок мени,
Сүйгөн деп бир убакта.

Өзүңсүз өткүм келбей,
Жалгыздык жанга жетпей.
Жашоодо бир келген, ай,
Сүйүүмө калдым жетпей.
Аттиң, ай, арман кылам.

Кайырма:
Кайда, сөздөрүң сүйөм деген?
Сагындым, сагындым, ай.
Сүйүүдөн зар какшап, ай,
Аттиң, ай, арман кылам.
Сүйүүмө жетпей калган,
Жүрөгүм кусаланып.
Ыйлайт, ыйлайт,
Сыздатып жан дүйнөмдү.
Кыйнайт, кыйнайт,
Тагдырдын буйругу, ай.

Курчаган жалгыздык, ай,
Камалып туңгуюкка.
Кусамын мен ар дайым,
Ар качан кучагыңа.
Чачырап сүйүү нуру,
Каптаган бир убакта.
Шамалдар сүйүү нурун,
Учуруп кайсы жакка,
Учуруп кайсы жакка.

Кайырма:
Кайда, сөздөрүң сүйөм деген?
Сагындым, сагындым, ай.
Сүйүүдөн зар какшап, ай,
Аттиң, ай, арман кылам.
Сүйүүмө жетпей калган,
Жүрөгүм кусаланып.
Ыйлайт, ыйлайт,
Сыздатып жан дүйнөмдү.
Кыйнайт, кыйнайт,
Тагдырдын буйругу, ай.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1974 | Теги: Айгүл Чалова | Рейтинг: 4.0/1