Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Алтынай Нарбаева, Кубатбек Бектемиров - Болгон жакшы

Саматып издээриң болгон жакшы,
Сагынган кучагың толгон жакшы.
Бактысыз турмушка басынганча,
Баалаган жанга жар болгон жакшы.

Кайырма:
Жакшылык бактыга жетелетет,
Жаштыка өмүрдү тетеп өтөт.
Жакшыдан жан-дүйнөм азыктанып,
Кусалуу көңүлдү көкөлөтөт.
Кусалуу көңүлдү армандуу өмүрдү көкөлөтөт.

Сүйдүрүп издериң болгон жакшы,
Сүйүүнүн суугуна тоңгон жакшы.
Сүйбөгөн бирөөгө кор болгончо,
Жакшыга жанашкан жолдор жакшы.

Сырдашып бир жүргөн достор жакшы,
Сыйлашып кармашкан колдор жакшы.
Билбеске бирикпей кор болгончо,
Билгендин бийиги болгон жакшы.

Кайырма:

Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1541 | Теги: Кубатбек Бектемиров, Алтынай Нарбаева | Рейтинг: 1.5/2