Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Бактыгүл Бадыева "Энекем"

Нур ширесинде мээримдин,
Тереңинде пейлиңдин,
Алп экенсиң, энекем.
Бул жалгандагы байлыгым,
Жарык берген айдыңым,
Бар экенсиң, энекем.

Кайырма:
Таазим кылам алдыңда,
Талбай көкөлөттүң тактыңда.
Талашы жок энекем бактымда,
Жаның улук, энекем.
Жандап, колдой жүрчү, көлөкөм,
Тизе бүгөм алдыңда, берекем.

Миң түркүн талап төксөм да,
Таманыңдан өпсөм да,
Мен карызмын, энекем.
Ак ниетиңден кагылам,
Бийик тутам баарынан,
Көрк берерим энекем.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 2108 | Теги: Бактыгүл Бадыева | Рейтинг: 3.8/5