Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Элмирбек Иманалиев - Көлөч

Ээй күн төбөдөн тоголду,
Күнү түнү тынбаган күлүгүм көлөч жоголду.
Ээң ай төбөдөн тоголду Анжияндан алып келген,
Аягыма чак келген алтынчы көлөч жоголду.
Ээң араң туруп берди эле аны бир Анжияндын зайыбы,
Ары-бери көп басып апкытында эле айыбы.
Ээ назданып атып берди эле аны бир Намандын зайыбы,
Нары-бери көп басып наалаты өзүндө болчу айыбы.
Ээң алып келген көлөчүм анын алтымыш сом баасы.
Алты күнү кийлбей мынтип апасы калды маасы.
Ээ жеткирип келген көлөчүм анын жетимиш сом баасы.
Жети күнү кийилбей мынтип жесир калды маасы.
Ээ көрүп байкап калганың көзүңдүн кырын салганың,
Көлөчтүн бири жоголду Коргоолго келип бергиле кокустан таап алганың.

Көлөчтү таап берип келген келинге бата берип ырдаган ыры:

Ээ баракелде келиним байкадым бар окшойт го желиниң,
Балпайган уул төрөп ал бар кезде күчү белиңдин, Оомиин.

Көлөчүн урушуп ырдаган ыры:

Арбак урган сен көлөч,
Адашып кайда жүрөсүң.
Азгырганы жүрсүңбү ал да кимдин бүлөөсүн.

Ырдап кеткен ыры:
Кыдыңда кыдыңда кыдыңда кыдыңда эшегим,
Кыр ашып кетемин, балама-чакама жетемин.

Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 686 | Теги: Элмирбек Иманалиев | Рейтинг: 0.0/0