Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Жазым келчи"

Кайдан жүрүп сага кабылдым?
Карегиңде барбы жалының?
Жан эргитип жумшак күлгөнүң,
Жарыгыбы аткан таңымдын?

Булбулсуңбу куштар багында?
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин,
Күттүм элем, гүлүм, сагына.

Кылгырасың неге мынчалык,
Кирпигиңден сырдуу нур тамып?
Жаз гүлү болсоң, жыпарыңды чач,
Жадырасын жаным тынч алып...
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 753 | Теги: Гүлнур Сатылганова | Рейтинг: 5.0/1