Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Ильяз Андаш - Айылым

Жашоого жаралып өз койнуңдан,
Озандым бал ширин булагыңдан.
Бөлөнгөм арча жыт бешигиңе,
Үзүлбөй санжыраң, дилимден жаңырган
Айланам таңындан, нур мончок тагынган
Өзүң деп суранам жараткандан.

Кайырма:
Айылым, айылым туулган жерим,
Искеймин кымыздай жытың сенин. 
Алыста сагынат уул-кыздарың,
Аманбы меймандос элим менин.
Карагай мөңгү суу, арча-кайың,
Тарабайт кумарым барган сайын.
Башталат башааты бул жашоомдун,
Киндик кан тамган жер, айылым.

Суктанып даалайлар көзүн артып,
Кеткендер келишет кайра кайтып.
Акын да сөз менен жеткире албас,
Ак пейил элиңди, асыл төр жериңди. 
Көлүңдү, кениңди, күч берген элиңди,
Бейиштин төрүңдөй илебиңди.

Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1272 | Теги: Ильяз Андаш | Рейтинг: 4.0/1