Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Ильяз Андаш "Кечикпе"

Жамалың көзгө тартылат,
Жалжылдап күйүп шам чырак.
Элесиң нурдай жаркырап,
Эңсөөмдү сага арттырат.

Кайырма

Кечикпе жаным кечикпе,
Сырыңды катып бекитпе.
Кечикпе жаным кечикпе,
Сүйүү жоголот тез эле.


Күлкүң бир күмүш булактай,
Тартуулап койчу сурантпай.
Жарыктан жарык элесин,
Алыстан жанган чырактай.

Кайырма

Жолуңдан күтүп турамын,
Кечикпе сенден сураарым.
Кыпкызыл гүлгө кошуп мен,
Сүйүүмдү сага сунамын.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 537 | Теги: Ильяз Андаш | Рейтинг: 0.0/0