Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Куралбек Чокоев, Эльзар Өскөнбаева - Кыз куумай

Ат үстүндө жигит мен болом,
Чагылгандай сызып учкан күлүгүм жоргом.
Татына кыз экенсиз  айып этпеңиз,
Кууп жетип бетиңизден мен сүйүп койсом.

Ат салбаган шумкар кыргыз кызы мен болом,
Чыгалбаган алдыма жигиттер толгон.
Тогуз ырым камчыларым жигит абайла,
Жетпей калып сыр катпа өкүнүч толгон.

Кайырма:
Кылымдан калган кыз куумай,
Салты болгон кыргызымда оюн ушундай.
Тарыхтан калган кыз куумай,
Шаңшып учкан кыз-жигиттер оюн ушундай.

Алып учат күлүгүм сизге жетемин,
Тизгинимди бош койдум ашырып демим.
Тартып алып белиңизден катуу сүйүнөм,
Ала качып өз жериме алып кетейин.

Көйрөңдөнүп бозуланып тайкы кетпеңиз,
Алып качып өз элиме алып кетемин дейсиз.
Жигит үчүн сөз эмес намыс күчтүү го,
Сөздөн мурун маарага жетээр бекенсиз.

Кайырма:

Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 859 | Теги: Куралбек Чокоев, Эльзар Өскөнбаева | Рейтинг: 0.0/0