Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Жакут Сыдыков - Айла жок

Көрүшпөскө кылсак деле канча айла,
Жүрөк эстейт.
Сениң күлкүң кулагымдан кетпейт садага,
Кетпейт кетпейт.
Сүйөмүн деп сүйдүрүп алсаң,
Кечир мени.
Башка бүлөө кылып алалбайм,
Ыйман жетпейт.

Кайырма:
Менде менде менде күнөө жок,
Напси жаман азгырыгы шок.
Жалыныңа күйөм жактырып сүйөм,
Жолуга албайм бирок айла жок.

Тагдыр бизди каалагандай калчайт тура,
Ары-бери.
Табыштырып койгонун да кара эми,
Сени мени.
Алган жарың балдарың менен,
Аманатым.
Кыянаттык кыла албайт экем,
Кечир эми.

Кайырма:
Сенде сенде күнөө жок,
Напси жаман азгырыгы шок.
Көз жашыңды карап көпкө турсам аяп,
Кош болобуз дедиң айла жок.

Кимде кимде кимде күнөө жок,
Напси жаман азгырыгы шок.
Эй Жараткан кечир китебиңден өчүр,
Тобоо кылам башка айла жок.
Жолукпайбыз башка айла жок.
Кош бол эми башка айла жок.

Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 594 | Теги: Жакут Сыдыков | Рейтинг: 0.0/0