Главная » Тексты песен » Песни на русском

Текст песни Бек Борбиев "Каркыра"

Сенин гана жыпарыңды, 
Тоо гүлүнөн искегем.
Сенде гана аруулук бар,
Дүйнөдө мен издеген.
Жарк дей түшсө мага жамалың,
Албырамын билбей амалын.
Мен жаза элек мукам кайрыкты, 
Карегиңден табамын.

Кайырма:
Менин сүйүүм каркыра,
Сага учат талпына.
Ай-күнүмдөй ашыгым,
Асманымда жаркыра.
Экөөбүздү кошуп, бөлбөгөн, 
Ушул күндөр алтын а.

Жаным сага дайра бойлоп,
Келем терип бүлдүркөн.
Жаным, сага жазам дастан,
Бүтпөс күндүр-түндүртөн.
Арбайт мени айдай жамалың,
Азгырылам билбей амалын.
Мен уга элек мукам обонду,
Көздөрүңдөн табамын.
Категория: Песни на русском |
Просмотров: 1674 | Теги: Бек Борбиев | Рейтинг: 0.0/0