Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Абидин Темиров "Ала-Тоом"
Өмүр көчүн улап, токтобой, Мезгил сызат чексиз кыялдай. Тоо башында бүркүт толгонот, Тоонун көркүн аяп, кыя албай. Кайырма: Кереметтүү аппак Ала-Тоо, Кылым келет сени эскерип. Кыргыз үчүн тоодо төрөлгөм, Түбөлүктүү сенсиң эстелик. Алыс кетсе эгер урпагың, Түшкө кирер арча-черлери. Табияттын ыйык бейиши, Ким сүйбөсүн кыргыз жеримди? Кайырма: Улуу тоолор, ыйык тоолорум, Өмүрүмсүң менин бүтүндөй. Жашоого сен кубат бересиң, Энекемдин аппак сүтүндөй. Кайырма: Айланайын аппак тоолорум, Касиеттүү бийик зоолорум... | |
Просмотров: 2455 | | |