Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Айбек Карымов, Гүланда "Ардагым"

Шоола болгон таңда,
Шоокум берген жанга.
Элесиңе эргип, 
Сүйүү дүргүп канга.

Ай караңгы түндө
Жарык чачып үйгө.
Жарк дей түшсө жүзүң, 
Теңейм айга-күнгө, ардагым

Кайырма:
Ээй, бир өзүңө дайым,
Арнаар сүйүүм дайым, ар дайым.
Жарым болчу сүйгөн,
Тагдырымды сага байлайын.
Жалын болуп күйгөн,
Жүрөгүмдө жүргөн,
Тунук сүйүүм сага арнайын.

Буйруп кошкон тагдыр,
Кушум сенсиң алгыр.
Өчпөй турган ысык, 
Сүйүү отун жандыр.

Өмүр бою тангыс,
Жарым болчу жалгыз.
Суусап жүрүп жеткен,
Арзуу арнаган кыз, ардагым.

Кайырма:

Миңден тандап сүйгөн,
Жандай басып жүргөн.
Тагдырлашым сенсиң,
Барга-жокко күйгөн.

Күнүм болуп тийген,
Гүлдөй жаркып күлгөн.
Таалайлашым сенсиң,
Тагдыр баркын билген.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 843 | Теги: Гүланда, Айбек Карымов | Рейтинг: 4.0/4