Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Айбек Карымов, Гүлзат Байзакова "Дил кайрык"

Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт,
Санаага, сагынычка батып жүрөк.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим,
Жүзөгө ашар бекен аруу тилек?

Толкуса көңүлүңүз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай көлдү карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торуңузга,
Мен болуп сиз эңсеген,
Мен болуп сиз эңсеген алтын чабак.

Өмүрдүн өрттүү кезин өткөн кезде,
Өткүрлүк өз айлымдан көчкөн кезде.
Өзөккө чок таштадың өчпөй турган,
Өрүкзар гүлүн күбүп төккөн кезде.

Армандын ачуу даамын ким татпаган,
Ашыктык алоосуна ким батпаган?
Айыкпас оору болдум таппай жүрүп,
Сиз берген жылуулукту,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.

Арбалып ай жүзүңө алда качан,
Айрылбай элесиңен турсам, бассам
Тушалган туткун болдум бир өзүңө,
Аперим, чыгарып ал боор оорусаң

Жоодурай карап коюп бирибизге
Жол таппай жүрүптүрбүз дилибизге.
Ак сүйүү нурун чачты мына бүгүн,
Жашыбыз тоскоол болбойт,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге...
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 2798 | Теги: Гүлзат Байзакова, Айбек Карымов | Рейтинг: 5.0/2