Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Айбек Карымов "Дагы бир жолук"

Карайсыңбы, карабайсыңбы?
Самайсыңбы, самабайсыңбы?
Жарык нурун катып булутка,
Жашырына калган айсыңбы?

Кайырма:
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай сен жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.

Каалайсыңбы, каалабайсыңбы?
Баалайсыңбы, баалабайсыңбы?
Оюнчуктан кызыгы тарап,
Ойго баткан баладайсыңбы?

Кайырма:

Моокумуңду кандырбайсыңбы?
Ал мончоктой албырбайсыңбы?
Түбөлүккө дегдетип мени,
Төгүп өткөн жамгырдайсыңбы?

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 665 | Теги: Айбек Карымов | Рейтинг: 0.0/0