Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Айгүл Чалова "Жаңылдым"
Билбейм, деги тайкысыбы багымдын? Бүлгүн түшүп, сындым дагы жаңылдым. Седеп кылып көкүрөккө тагынып, Сен деп келгем сүйүүдөгү табылгым. Кайырма: Толот дегем жарымысы жанымдын, Толбостугун кайдан билдим, жаңылдым. Тагдырыма таарына албайм, айлам жок, Толкуп келип томсорууга кабылдым. Алоосу өчүп, жалбырттаган жалындын, Арман арбап, азабына багындым. Мээримине жылынам деп арзуунун, Мен эңсеген махабаттан жаңылдым. Кайырма:
| |
Просмотров: 540 | | |