Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Айко "Кыргызстаным"
Оюн-күлкү, шаттык басканың, Көрчү турмуш кулач ачканын. Өмүрүмө өрнөк берүүчү, ий, Өркүндөй бер, Кыргызстаным. Кайырма: Ай, Кыргызстаным, Ой, Кыргызстаным, Өркүндөй бер, Кыргызстаным. Жумшак жели бийик асканын, Бизди карай көрчү шашканын. Таза абада дене чыңалсын, Ташкындай бер, Кыргызстаным. Кайырма: Гүлдөр ээлеп тоонун баштарын, Күлкү ээлеп кары-жаштарын. Көңүл өссүн көккө серпилип, Көрктөнө бер, Кыргызстаным. | |
Просмотров: 4526 | | |