Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Айпери Сыдыкова "Махабатты барктайлы"

Жүрөктөгү сүйүү отун муздаттың,
Жүзүң буруп жаркыныңдан узадың.
Өзгө менен сени көрүп чыдабай,
Өмүрүмдү кара булут каптады.

Кайырма:
Сен ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай караным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.

Сыйлашалы сезимимди чанбачы,
Сырдашалы укмаксанга салбачы.
Ирээнжитип шылдыңдайсың, кыйнайсың,
Издеримди кетсем кайдан табасың.

Кайырма:

Кел ардагым бар сүйүүнү барктайлы,
Аз өмүрдө тирүүлүктү баалайлы.
Көз жумайын жүргөнүңө адашып,
Кел таалайым махабатка баралы.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 798 | Теги: Айпери Сыдыкова | Рейтинг: 0.0/0