Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Айжан Газиева "Сүйүү каты"

Эстей берем сенин кара көзүңдү,
Эске салам сенин айткан сөзүңдү.
Кайда кеттиң, менин сүйгөн махабатым?
Келсең боло күйдүрбөй, 
Келсең боло күттүрбөй.

Айлар өттү, жылдар өттү агылып,
Кала бердим сени гана сагынып. 
Эстен кетпес менин сүйгөн асыл эркем,
Сагындым жылуу сөзүңдү,
Сагындым назик үнүңдү.

Түн ичинде отурганбыз экөөбүз,
Тамашалап сүйлөшүп да, күлгөнбүз. 
Кайда кеттиң, менин сүйгөн жан секетим,
Кайда кетти ал күндөрүм,
Кайра келбейт ал күндөрүм,
Кайрый албайм сени сүйгөнүм.

Сырдана мамилемдин ээси сенсиң,
Аруу махабатым. 
Буркан-шаркан түшкөн бул дүйнөдө,
Жүрөгүмдө баалуу бир нерсе бар, 
Сага деген аяр тунук сезимдер. 
Ар кечте ысымыңды кайталап уйкуга батып, 
Ар таңды атыңды атоо менен атырам. 
Эгер адамзат бакыт үчүн бардыгына кайыл болуп,
Бул жарык менен кош айтышса, анда мен
Экөөбүздүн ар бир кечте жан бермекмин.
Өз абалымды жакшы билем.
Аттиң, ортобуздагы мамиледеги көп нерсеге акым жок.
Сен азатта жүргөнчө, мен камакта күтөм.
Тагдырына багынып, үмүттөргө жетеленген аялуу жаның
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 476 | Теги: Айжан Газиева | Рейтинг: 0.0/0