Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Айжан Газиева "Сүйүү одасы"
Сүйүүм турат жердин кени тургандай, Мойнумдагы ыйык аят тумардай. Көкүрөккө сыймык толуп караймын, Көп кыйналып бир жакшы үй кургандай. Кайырма: Бул дүйнөгө ачкан менен үнүмдү, Жарык кылган жүрөктөгү түнүмдү. Сенин гана аман жүргөн карааның, Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүнү. Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай. Айбаттанат көлдө сүзгөн ак куулардай. Таттуу сайрап элжиретет сезимди, Таң алдында үн алышкан улардай. Кайырма: Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп, Булбул сайрап, бутак сайын конушуп. Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер, Унутпасмын кандай күнү жолуктук. Кайырма:
| |
Просмотров: 501 | | |