Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Айжан Газиева "Сагыныч"

Акыркы жолу кечинде, 
Жолуктук шаардын четинде.
Ийилип өскөн талдардын жанында,
Мелжиген суунун жээгинде.

Кайырма
Жүрөктү козгойт сенин назик сүйгөн, назик карашың,
Күн батып, күүгүм түшсө бизге жарашып.
Асыл жаным, 
Сагынычым сага тарабайт,
Кусалыктан жүрөгүм сыздайт.
Эркелесем дайым сага мен жалгыз гана.
Суранамын кайрылып келчи,
Сүйүү демин мага сен берчи,
Жүрөгүмдө сезимимди сага айтайын.

Эстеймин ошол күндөрдү,
Өткөргөн айлуу түндөрдү.
Сени менен болгум келет, 
Ар дайым эсимде айткан сөздөрүң.

Кайырма
Жүрөктү козгойт сенин назик сүйгөн, назик карашың,
Күн батып, күүгүм түшсө бизге жарашып.
Асыл жаным, 
Сагыныч ыр сага тарабайт,
Кусалыктан жүрөгүм сыздайт,
Эркелесем дайым сага мен жалгыз гана.
Суранамын кайрылып келчи,
Сүйүү демин мага сен берчи,
Жүрөгүмдө сезимимди сага айтайын.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 601 | Теги: Айжан Газиева | Рейтинг: 0.0/0