Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Акмаанай Эшбаева "Ош шаарым"
Керме-Тоо этегинде бир калаа бар, Ал шаарды көрктөндүрөт бак-дарактар. Суктанып аваз кылып жамалыңа, Дайыма ыр ырдайбыз, ыр ырдайбыз, дайыма биз, таланттар. Илгертен жол арытып кербен келген, Байыркы Улуу Жибек Жолу менен. Сулайман, Ак-Буураны жердеп элим, Карытып кылымдарды, кылымдарды карытып жашап келген. Ошум - ордо калаам байыркы Ошум - жаштар шаары азыркы Ошум, Ошум суктанган дүйнө элдери Ошум - көп улуттар мекени Ошум... Ошумдан далай өнөр ээси чыккан, Калкы бар ынтымактуу ар улуттан. Элимдин пейли кенен, эмгеги зор, Салт кылып улуулардын, салт катар акылмандын кебин уккан. Ошум - ордо калаам байыркы, Ошум - жаштар шаары азыркы. Ошум, Ошум суктанган дүйнө элдери Ошум - көп улуттар мекени Ошум...
| |
Просмотров: 1180 | | |