Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Актан Исабаев "Сагынычым"

Сагынычым үйүлүп тоодой болду,
Куштар гана табышат оңой жолду.
Өзгө жерден думугуп, жаным буулугуп,
Узаттым досума мен көп ойлорду.

Кайырма:

Ар-намыска күйүш үчүн,
Ата Журттай тирек керек.
Ала-Тоону сүйүш үчүн,
Ала-Тоодой жүрөк керек.

Сагынычым - канатым учарыма,
Сабалайын, тууган жер, кучагыңа.
Эңсеп келем үйүмдү, назик гулумдү.
Келип, ак боорума бек кысарыма.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1010 | Теги: Актан Исабаев | Рейтинг: 5.0/2