Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Алишер Тоотаев "Ачык койчу эшигиң"
Туулган айылым барам сени сагынып, Көргүм келип көркөмүңө зарыгып. Сага карай сапарыңда баратып, Салам айтып түшүүгө мен камынып. Кайырма Туулган айылым алтын уям, бешигим, Эгер менден капа болсоң кечиргин. Күн келсем да, түн келсем да, ар дайым, Мени күтүп ачык койчу эшигиң. Кайда жүрсөм эстен кетпей кадалып, Калдың беле кереметтүү жаралып? Кайталангыс экинчи ирет мен үчүн, Аттиң арман, сенде өттү балалык. Куса болуп сагынбаска барбы айлам? Таза аба, гүл жытыңа арбалам. Шыңгыр добуш, куштар сайрап күү курап, Балалыгым кооз эле го айланаң. | |
Просмотров: 2340 | | |