Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Алишер Тоотаев "Балалык"
Билинбей мезгилдер өтүптүр канча убак, Аргымак мингендей аргыштап камчылап. Бала элем кечээ эле оюнга тойбогон, Сезилбей кетиптир гүл жыттуу жаш курак. Кайырма: Жүрөктөр от болгон балалык элеси, Ар жакта калдыбы алыстап кемеси. Өмүрдө өкүнүч өчпөгөн элес болуп, Мага анык туюлду кайрылып келбеси. Балалык, балбылдап баралың өтүп барат, Кыя албай кылчактайм артымды улам карап. А сенчи, кайрылбай кетериң анык беле? Айла жок коштошом артыңдан кол булгалап. Кайырма: Балалык, өзүңдү эстесем сагынаармын, Жашоомдо бир болуп бактыма багынбадың. Жүрөктө калды го сендеги бала сезим, Кош болгун, кайрылгыс бал таттуу бала кезим. Кайырма: | |
Просмотров: 1802 | | |