Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Алтынай Нарбаева "Коштошуу вальсы"

Көңүлүм байланыбы,
Көзгө жаш айланабы.
Колуңду кое бербей,
Кош дедим кайра дагы.

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Чакмактай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу.

Айтпадым алыс баары,
Акырын алыстадым.
Капарга алганым жок,
Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,
Кайрыл деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтунбу.

Кайгырып шашылбадым,
Кайрыл деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтунбу.

Кыйналып басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайта-кайта,
Мен чыкпайм жашып барам.

Кармалып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Жылдыздай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу.

Кылчактап шашылбадым,
Кыйкырып чакырбадың.
Кыргыздай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 2491 | Теги: Алтынай Нарбаева | Рейтинг: 3.0/3