Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Алтынай Нарбаева, Токтобек Асаналиев "Сени гана издедим"
Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм, Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим. Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо, Көп гүлдөрдөн сени гана издедим. Асылкечим, ошол мага туу болду, Жүрөккө дем, көңүлгө ынак гүл болду. Доорун сүйүп, элин мактап жактырар, Көлдө сүзгөн аппак чүрөк куу болду. Эгер мени кайгы булут каптаса, Ачык бойдон, ачык асман, таптаза. Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип, Өмүр чеги өрдү көздөй акпаса. Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм, Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим. Эмнегедир көңүл көксөп өмүрдө, Сан гүлдөрдөн сени гана издедим.
| |
Просмотров: 1269 | | |