Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Алтынбек Алымов "Никем бар"

Азгырбагын, айылдык кыз, никем бар менин,
Азап тартып, чакыртып болду келбегин.
Жапжаш менин колуктум байкап калбасын,
Жолугуш деп жашынып жүргөнүң сенин.

Кайырма

Айылдык кыз, никем бар менин,
Азап тартып болду келбегин.
Айылдык кыз, никем бар,
Балдай ширин балам бар,
Алмаштыргыс жарым бар менин.


Сырымды ачам мен сага жашырынбаймын,
Сүйсөң дагы сени менен жолугушпайын.
Миң бактыны тартуулап берем десең да,
Бир жолуккан гүлүмдөн ажырашпаймын.

Кайырма

Салып досту ортого үйгө келбечи,
Ишенем деп инимден сурай бербечи.
Гүл кыстарып чачына карындашымдын,
Күндө барып мектептен карай бербечи.

Кайырма 

Ойлоп көрчү мен сени кантип аламын,
Ортобузда бала бар кайда барамын?
Туугандарым эмне дейт аны ойлодуңбу,
Тумар туткан бүлөмөн кантип каламын?
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 2189 | Теги: Алтынбек Алымов | Рейтинг: 0.0/0