Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Алтынбек Сапаралиев "Үйлөнүү тою"

Сөз меники ордуңардан туруңар,
Карындаштар, теңтуш, курдаш тургула.
Мына-мына алдыбызда эки ашык,
Өмүрлүктүн канагаты эки жаш.

Кайырма:
Кел курбулар ырдайлы,
Шаңдуу добуш угулсун.
Бийлегиле күлгүлө,
Дайым таттуу тунук болсун турмушу ң.

Сөз меники күлбөгүлө курдаштар,
Экинчи ирет айтылуучу бир сөз бар.
Жаркыраган бак-таалайлуу болушсун,
Бул турмуштун аманаты эки жаш.

Сөз меники токтогула курдаштар,
Үчүнчү ирет айтылуу бир сөз бар.
Ынтымактуу узун өмүр жашасын,
Жыргал күндүн аманаты эки жаш.
Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 481 | Теги: Алтынбек Сапаралиев | Рейтинг: 0.0/0