Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Амир Аскаров "Өкүнүч"
Көз жаш болуп ыйлап төгүлөм, Көз мончоктой сынып бөлүнөм, Сени эстесем. Көлдөй терең ушул өмүрдөн, Көп киши жок, жалгыз көрүнөм, Сен кетпесең. Кайырма: Өтүнөмүн, өзгө жанга кетпечи, Өткөн күндү эстечи, Өкүнүчкө эзбечи. Күнөө кылсам, Койчу мени кечирип. Кайгы-муңга кезигип, Калдымбы же кечигип? Айтпадың чечилип. Кош эми, сезбедиң арманым, Колум сунуп, жетпей калганым, Сен кайрылбай. Билемин сүүүңдүн жалганын, Бир келген таалайың танганың Сен кайгырбай... Кайырма: Жетпесимди түшүндүм, Жалбырактай күздө үзүлдүм. Муздак сезим кабылып, Муза болбой сүйүүм үшүдүм. Жалынсам да келбедиң, Жалын сүйүү бербедиң мага, Бербедин мага... | |
Просмотров: 556 | | |