Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни АРМАН тобу "Той ыры"
Мына бүгүн салты менен кыргыздын, Эки жаштын үлпөт тою ачылды. Жоолук салып, ак калпакты кийгизип, Жакшылыкка чачылалар чачылды. Сулуулугу эки жаштын жаркырап, Алтын, кундуз ширесиндей жакуттун. Көз тийбесин турмуш жолдо бир болуп, Ак өргөөңөр үйү болсун бакыттын. Кайырма: Куттуктайбыз, кол кармашкан, Ак никелүү жар-жар, ай. Кубанабыз гүлдөр сунуп, Күбө болуп жар-жар, ай. Куттуктайбыз, бакыт болсун, Өмүрүңөр жар-жар, ай. Түбөлүктүү аруу болсун, Ак сүйүүңөр жар-жар, ай, Жар-жар, ай... Чоң аталар накыл сөзүн жаадырып, Ак батасын эки жашка айтышты. Кулдук айтып, башын ийип, сый болуп, Эки куда миң жылдарга табышты. Болсун дейли келечекте бешик той, Куттук алып, кучактарга гүл толсун. Эриш-аркак кол кармашкан эки жаш, Ак жолтойлуу, ак тоюңар кут болсун! Кайырма: | |
Просмотров: 1599 | | |