Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Асанкалый Керимбаев "Көл баяны"

Көл түбүндө эл жашаган жер калып,
Көркү анын унутулбас ырдалып.
Көп издээрбиз балалыктын элесин,
Көп кыз-жигит көл үстүндө көк кайыкчан ыргалып.

Кылаасынан сансыз жылдыз жаркырар,
Кыялымда кылым күүсү тартылат.
Тоолук жаштар, кайыгыңды токтотуп,
Тоолук элдин күүлөрүнөн калпып ал, ырларынан калпып ал.

Толкуп-ташкан чоң Нарын да буулду,
Кетенчиктеп кайра артка бурулду.
Токчулукка суусун болгон деңиздин,
Толкун күүсү тоодон ашып угулду, бүткүл элге угулду.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1425 | Теги: Асанкалый Керимбаев | Рейтинг: 3.0/2