Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Асель Кадырбекова "Кыргыз кыздары"
Кайырма: Жүзү сулуу айдай, Көз уялтат көркөмү, ай. Кымча белдүү кыргыз кыздары, Суйкаят маралдай, Таңда жааган чолпон жылдыздай. Кымча белдүү кыргыз кыздары. Алар бул – назик жандар, Асылзаада, аруу, ак ниеттүү. Тагдыр белек, тагдыр белек, Алар болот асыл жандар. Көп кечикпей арасынан, Сен да сүйгөнүңдү тандап ал. Кайырма: Сүйүп калса гана самап, Сездире албай, Жүрөк сыздап, Кайгыны жейт. Намысы бек, намысы бек, Кара көзүңдү эңсеп, самап. Көп кечикпей арасынан, Сен да түгөйүңдү тандап ал. Кайырма: Суупериси өңдөнөт, Сулуу жүзүм албырган. Мен кыргыздын кызымын, Чырайлуумун ушундай, Акыл-эстен тандырган, Жигиттерди тамшандырган. Келбетимди көргөнү, Таанышканы шашасың, Сүйлөй албай сүрдөнүп, Кайра неге качасың? Кел, кыргыздын жигити, Кол кармашып басалы, Жүрөктөрдөн жүрөккө, Сүйүү отун чачалы. Кайырма:
| |
Просмотров: 921 | | |