Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Асель Касымова "Бийле бийле"
Сайрашат багында, Олтуруп шагында. Куштардын майрамы, Сыдырым жел жаздын таңында. Жарашат теребел, Жарышам мен дагы. Оболоп кайрыктар, Тизилип ырлар да сабына. Кайырма: Бийлеп берчи, мага, Ырдап ырлар сунам сага. Ырдап-бийлеп берели, Көңүл куунак себеби. Шаңдуу жаштык жылдары, Кыз кыялым, сырларым Тушай албай убакыт шарын Кандай, бала, бүт баары? Келчи, обон созуп ырдайлы, Жолобосун муң-кайгы. Текке кетти өмүр жылдары, Ойноп-күлүп жыргап, Обон созуп ырдайлы. Кылымдар кылдары, Укмуштай сырлары. Жаратат музыка, Жан дүйнөгө болуп бир даба, Оргуп чыгат баары, Обон да, ыр дагы, Мүрөк суу агылып, Куунак жашоо жыргалы мына.
| |
Просмотров: 604 | | |