Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Асылбек Өзүбеков "Кино, кино"

Күндөр, күндөр, кайда учасың?
Тизмегинде каркыранын.
Бул өмүрдүн тамчы жашын,
Эртеңкиге калтырамын.

Кайырма:
Кино, кино, кыйноо тартып,
Жүгүрөмүн жүрөк жанчып.
Бүтүн дүйнө жүгүн артып,
Үмүтүмдө жүрөм калкып, 
Кино тартып.

Салам айтып сан кылымга,
Бара турган кыргызым бар.
Саманчынын айдыңында,
Жана турган жылдызым бар.

Кайырма:

Токто, мезгил, көз ирмемге,
Өмүр тасма кайра баштан.
Оюм көктө, өзүм жерде,
Көл куралат тамчы жаштан.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 680 | Теги: Асылбек Өзүбеков | Рейтинг: 0.0/0