Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Азамат Сарыбаев "Аппагым"

Өмүрүм күлгүн көктөмдө,
Өрүкзар гүлүн төккөндө.
Өрөпкүп жүрөк кубанды,
Өзүңдү алгач өпкөндө.
Ээй, аппагым,
Өкүнөм ал күн өткөнгө.

Жанымда жүрсөң жанаша,
Жоодурап күлө караша.
Жылдыздар көктөн суктанды,
Жамалың менден талаша.
Ээй, аппагым,
Бөлүнгөн элек таң ата.

Жолугар жерден бактагы,
Кайрылып сени таппадым.
Күбүлүп жатты шамалга,
Өрүктүн гүлү шактагы.
Ээй, аппагым,
Сен менен кетти жаш чагым.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1596 | Теги: Азамат Сарыбаев | Рейтинг: 3.4/5