Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Бактыгүл Бадыева, Алтынбек Алымов "Ашыкмын"

Бактыгүл: Жолугуштук буйрук болуп өзүңө,
Жолум тоспой көңүл бөлчү сөзүмө.
Жасалмалуу жалган сөздөн жадагам,
Ишеничтүү сөзүңдү айчы көзүмө.

Алтынбек: Анда айтам ашык болдум бир сага,
Күмөн санап ишенбейсиң сен мага.
Жаратканга ыраазымын түбөлүк,
Алмаштырып, теңебесең башкага.

Кайырма

Ашыкмын сага гана мен,
Кол сунуп мага гана сен.
Жар болуп мага гана сен, сага гана мен,
Ишенем сага гана мен,
Үмүтүм, жароокерим сен.
Кол сунам сага гана мен...

Бактыгүл: Ишенемин ушул буйрук тагдырга,
Илгери үмүт менен жашайм бактыма.
Ысык-суугун бирге тосуп турмуштун,
Ыйман болсун, а калганы алдыда.


Алтынбек: Термелтели ак сүйүүнүн бешигин,
Тилек кылып перзент бизге беришин.
Сергек карып бул өмүрдө бир келген,
Сезимдерге ачтык турмуш эшигин. 

Кайырма

Ашыкмын сага гана мен,
Кол сунуп мага гана сен.
Жар болуп мага гана сен, сага гана мен,
Ишенем сага гана мен,
Үмүтүм, жароокерим сен.
Кол сунам сага гана мен...
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1094 | Теги: Бактыгүл Бадыева, Алтынбек Алымов | Рейтинг: 0.0/0