Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Бактыгүл Бадыева "Жан секетим"

Жүрөгүм шашылат, 
Күмүштөй чачырап.
Көзүңдү тиктеп магдырап,
Сүрдөнүп өзүңдөн.
Жылдыздуу жүзүңдөн,
Сезимди козгоп албыра.

Кайырма: 
Назданамын гүл болуп,
Жылдыз чачкан түн болуп келем.
Кучагым тосуп,
Жан секетим көз карегиңе,
Арбалып, ашыгамын.
Айым болсоң кыялданып,
Өзүңө шашыламын.

Назиктик эртелеп,
Сезимге эркелеп.
Махабат демин сеземин,
Жол карап күтөмүн.
Мен сени сүйөмүн,
Нур болуп учуп келемин.

Кайырма: 

Өзүң менен бирге өтсөм деймин адашпай,
Жазып жолдон жаңылбай.
Сүйөм жалындай,
Жаздай болуп жаңырып.
Көлдөй тунуп тазарып,
Ак сүйүүмдү кудайдан мен жүрөм сыранып

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 2428 | Теги: Бактыгүл Бадыева | Рейтинг: 0.0/0