Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Бакыт Мамаев "Ак марал"
Ак марал сулуу, сага ашыкмын, Ашыктык сырын курап ыр жаздым. Сүйүүнүн күчү өзүңдө беле? Өткөрсөм деймин доорун жаштыктын. Кайырма: Апаппак сенин мүчөңдөн, селки, Аркардай сенин көзүңдөн, селки. Агаңды, чиркин, тушап, байлаган, Ай нуру тамган жүзүңдөн, селки. Апаппак сенин жүзүңдөн, сулуу, Балбылдап жанган көзүңдөн, сулуу. Жүрөктү кармап жипсиз байлаган, Ак-Талаалык бол, ак марал сулуу. Ашыгып сага бүтүн тамшанган, Ыр менен ырдап, ырдап жар салгам. Сен басчу жерлер жакшы көрүнүп, Жүрөгүм согуп чыгат капкандан. Кайырма: Ачылгыс жүрөк качан ачылат? Ашыктык сырлар качан чачылат? Ай нуру жанган, ак марал сулуу, Жүрөктүн чери качан жазылат? Кайырма:
| |
Просмотров: 732 | | |