Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Бегимай Бекбоева "Алыстарга"
Көңүлүм опокшош күн-айлардан чарчаганда, Ич дүйнөм жалындуу сезимдерге чаңкаганда. Кайрылам көктөгү булуттарга ырым менен, "Ала кеткиле" деп мени алыстарга. Кайырма: Алыстарга, алыстарга, Ала кет, ала кет, сен мени алыстарга, Тумчуккан туңгуюкка эмес, жарыктарга. Жүрөгүм кыйналып кусалыктан ысыганда, Ич дүйнөм күн-түн болуп, таң атпай кыстаганда. Суранам көктөгү булуттарга "ала кет" деп, Мени түшүнгөн жарык, алыстарга. Кайырма: Алыстарга, алыстарга, Ала кет, ала кет сен мени алыстарга, Тумчуккан туңгуюкка эмес, жарыктарга.
| |
Просмотров: 1028 | | |