Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Бек Борбиев "Айдана"

Кайда дедим, айтпай качты?
Кылдаттадым, араң аштым Төө-Ашуудан.
Жанымда да бир досум бар,
Зеригет ал уйкусурап көз ачуудан.

А мен болсо айдайм түнү бою,
Көзүм жолдо, бирок сенде оюм.
Коркуп келем кыйыр жолдон адашуудан.
Арнап ырдайм кайра-кайра,
Жалал-Абаддык Айданага,
Сезим мени алып барбаган кайда гана?

Жаштык кезде гүлүн ачкан,
Кыйналганмын, ушинтип ашкам Долонду да.
Артта калды айылым дагы,
Билбейм, үйгө кайрылбадым, Токтогулга.

А мен улам учуп күйүп барам,
Жакындаган сайын сүйүп барам.
Мурда дагы дал ушундай болгонбу, ай?
Арнап ырдайм кайра-кайра,
Жалал-Абаддык Айданага,
Сезим мени алып барбаган кайда гана?

Кара-Көл, Таш-Көмүр учуп барам,
Кочкор-Ата, Ноокен, күйүп-жанам.
Мурда дагы дал ушундай болгонбу?
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1139 | Теги: Бек Борбиев | Рейтинг: 4.0/2