Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Бек Борбиев "Алыстарга"

Көңүлүм опокшош күн-айлардан чарчаганда,
Ич дүйнөм жалындуу сезимдерге чаңкаганда.
Кайрылам көктөгү булуттарга ырым менен,
Ала кет деп мени алыстарга.

Кайырма: 
Алыстарга, ала кет, сен мени,
Алыстарга.
Тумчуккан туңгуюкка эмес,
Жарыктарга.

Жүрөгүм кыйналып кусалыктан ысыганда,
Ич дүйнөм күн-түн болуп, таң атпай кыстаганда.
Суранам көктөгү булуттардан ала кет деп,
Мени түшүнгөн жарык, алыстарга.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 2558 | Теги: Бек Борбиев | Рейтинг: 3.0/2