Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Бек Борбиев "Ата-Журт"
Ар бир күнүң улар сайрап таң аткан, Көркүң сенин кандай чебер жараткан? Касиеттүү мага кубат тоолоруң, Чексиздикте кербен болуп бараткан. Кайырма: Мөлтүр булак, мөл башат, Өзөнү, токой, көл, кашат. Менин сүйүүм, ар бир күнүм, Баары сенден башталат. Өзүң бакыт, өзүң кут, Кагылам сенден Ата-Журт, Мага дүйнө алгач сенден башталат. Аталардан калган тарых тутамы, Кымбат мага ар бир арча бутагы. Ташка бышып, тоодон түшкөн дайранын, Токтогулдун күүлөрүндөй мукамы. Кайырма: Карааныңдан кагылайын мекеним, Унутканбы, сагынбайт го дебегин. Сезесиңби, жүрсөм дагы алыста, Жан дүйнөмдүн сага кайтып келээрин? Кайырма: Пейилиң бийик аска зоо, Атыңдан сенин, Ала-Тоо. Менин сүйүүм, ар бир күнүм, Баары сенден башталат. Өзүң бакыт, өзүң кут, Кагылам сенден Ата-Журт, Мага дүйнө алгач сенден башталат... | |
Просмотров: 1512 | | |