Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Бек Борбиев "Кызыл алма"

Мен сени сүйөм, алыстан сүйөм,
Сен түшүнбөй таарынганың канткениң?
Жүрөгүмдө от, бирок, а бирок,
Ортодогу он беш жашты кантемин?

Кайырма:
Атың алма, затың алма,
Жыпарың жыттуу гүл алма.
Жаныңдан чыкпай жүрмөк экем,
Аттиң, ай, болсом жыйырмада.
Атың алча, затың алча,
Кызыл көйнөк, кызыл барча.
Аттиң, ай, болсо жыйырма беш,
Жүрмөк экенмин жаныңда.

Ойлорго батсам, ойрондойт санаам,
Табышмагын тагдырымдын чече албайм.
Кайыр деп барам, кайрылып барамын,
"Байке" деген бир сөзүңдү кече албай...
Кайырма:

Көрүнбөй калсаң жок издеп калам,
Айдай болуп чыгабы деп булуттан.
Коштошсок деле, бөлүнсөк деле,
Билбей турам кантип сени унутам?..
Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1126 | Теги: Бек Борбиев | Рейтинг: 0.0/0