Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Бек Борбиев "Сен мага тийсең..."
Кыз кезиңде терезеңде гүл турчу, Кылчак-кылчак карап өтөм ак тамың. Башка парда, ал гүлдөрдүн дайыны жок, Сени билбейм, мен да башка жактамын. Тагдыр бизди кошподу, Эмне себеп болду экен? Бакыт кушуң айланып, Кайда барып конду экен? Кайырма: Сен мага тийсең, анда не болмок? Үйүбүз шаңга, бактыга толмок. Сенин сары чачың, меники кара, Айтор, балдарыбыз да башкача болмок. Сенин көзүң көк, меники кара, Төрөмөксүң эки кыз, эки бала. Айылга мен келсем ар дайым ушул, Козголо берет, эй, жүрөктө жара. Чабыраңдан көрүп кызыл жоолугуң, Чакыра албай сансыз санаа, оорудум. Катты жазып, ала электе жообуңду, Канчалаган жигиттерден корудум. Мендей кээде айылга, Келесиңби сен дагы? Көрүп менин үйүмдү, Эстейсиңби сен дагы? Кайырма:
| |
Просмотров: 2357 | | |