Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Бек Борбиев "Тазасы барбы?"

Алдады мени ак сүйүүм,
Алмашты менин сүйгөнүм.
Тахмина сулуу бузбаган,
Тазасы барбы сүйүүнүн?

Кайырма:
Тазасы барбы?
Жалганы барбы?
Жазганым барбы?

Кайгысын эстеп ал күндүн, 
Чече албай сыздайм түйүнүн.
Бегимай сулуу сактаган,
Бекеми барбы сүйүүнүн?

Кайырма:
Бекеми барбы?
Жалганы барбы?

Булактай элең сен мурда,
Булгандың эми сузарда.
Жеңил ой бийлеп өзүңдү,
Жеңилдиң беле кумарга?

Кайырма:
Жеңилдиң беле?
Кейисең деле,
Кечирбейм деле.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 5219 | Теги: Бек Борбиев | Рейтинг: 3.6/7