Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Чолпонай "Сүйүүлөр обон салат"
Кызыгып шаң менен өткөн күндө, Кызганып жылдыздуу, айлуу түндө. Өзүңө өзгөчө суктанамын, Экөөбүз ээрчишип жүрсөк бирге. Кыялдын ыргагында, Гитара кылдарында. Кайырма: Сезимдер жаңырып, обон салдыбы? Сүйүүлөр же сары күзгө калдыбы? Секирип, кыз-жигит, чогуу бийлейли, Алыста калтырып санаа-кайгыны. Негедир кайрадан карап, карап, Көз карашың от болуп күйүп барат. Махабат мөөнөтү чөксө дагы, Мааниси жүрөктө чоктой жанат. Кайырма: | |
Просмотров: 608 | | |