Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Чубак Сатаев "Жаз жамгыры"

Биз таанышып жазгы күндө,
Бирге жүрдүк жамгырлуу түндө.
Жаш баладай жаздын күнү,
Күбө болгон сүйүүмө.

Кайырма:
Бүгүн дагы жаз жамгыры,
Тереземди черткилейт.
Үмүт менен күтөм сени,
Жазгы сүйүүм келет деп.

Коштошкон күн али эсимде,
Жамгыр төккөн себелеп.
Жамгыр менен кошо ыйладым,
Жазда күткүн келет деп.

Кайырма:
Бүгүн дагы жаз жамгыры,
Тереземди черткилейт.
Үмүт менен күтөм сени,
Жазгы сүйүүм сени эстеп.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 977 | Теги: Чубак Сатаев | Рейтинг: 1.0/1