Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Чыңгыз Мырзаев "Бир тууган"

Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн,
Бир атадан, бир энеден төрөлдүк.
Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне,
Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн.

Кайырма:
Аска зоо бир тууганым,
Сенсиң багым,
Бек болсун дайым өмүр жаның,
Бек болсун дайым өмүр жаның.

Бир тууганым - дарагымдын тамыры,
Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы.
Кайда барба, кандай өмүр кечирбе,
Силер менен жүрөгүмдүн жарымы.

Кайырма:

Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан,
Башкада жок мээримиңе жылынам.
Силерге деп сактап койгон түгөнгүс,
Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 3807 | Теги: Чыңгыз Мырзаев | Рейтинг: 3.0/5