Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Дайыр Исмадияров "Атаке"

Арманым көөдөн тепкенде,
Аябай көңүл эзгенде.
Сагынчым сайрап айтамын,
Ата, сен сүйгөн кечтерге.

Кайырма:
Ким түркүк болгон дүйнөгө?
Күйүттөн бүткөн күн беле?
Мүнөткө сени бере албай,
Мөңкүрөйт мүрзө гүл неге?
Убайга уучум толгондо,
Умсунуп куса болгондо.
Жалдырап чыгып караймын,
Ата, сен жүргөн жолдорго.

Жалгыздык жанга батканда,
Жабыгып көңүл азганда.
Жамгырдай келип төгүлгүн,
Ата, сен жаткан жактарга.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 651 | Теги: Дайыр Исмадияров | Рейтинг: 0.0/0