Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Дилбар Райымбекова "Эсен бол"

Көркөмүң көздү талдырган
Көгүчкөн сенсиң ойлосом
Көктөм бир сызып качырган,
Көк шумкар болуп койбосом.
Көңүлдө толуп кир калат,
Көрүшпөйбүз дегенсип, дегенсип
Күдөрүм үзүп койбосоң.

Жактырса бир күн түшөр деп,
Жашылдан жибек жайдым тор.
Жаштыктын сырын билер деп.
Жактырып сизге сундум кол.
Жалындаган жүрөктү,
Жаа менен тоссоң өзүң бил, өзүң бил.
Жароокер жигит эсен бол.

Акыры бир күн түшөр деп
Ак жибектен жайдым тор.
Албырган жүрөк сүйүүсүн,
Алар деп эстеп сундум кол.
Айтсаңчы ачык жообуңду,
Албасаң колум тартайын, тартайын.
Айтылуу жигит эсен болот!
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 583 | Теги: Дилбар Райымбекова | Рейтинг: 0.0/0